- Сабыр байке куш келипсиз. Кандайсыз? Ден-соолуктар, бала-бакыра, мал-жан аман-эсенби?

- Кудайга шүгүр. Эл катары.

-У чурдагы кырдаал тууралуу чакан талкуу кылсакпы деп турам. Шайлоодогу массалык мушташтар, “баарына каршы” кыймыл, анан пандемиянын экинчи толкуну, кой-айга карабай аш-тойлордун уланып жатышы тууралуу. Ушул үч суроого кандай ойдосуз?

- Пакетный суроо дечи. Мейли анда артынан, жеңилинен... Эми, анда аш-тойлордон баштайлы. Европада бул балакет оорунун экинчи толкуну башталды деп паникага түшүп, бир даары “карантин кылгыла” дешсе, башка жагы андайга макул эмес болуп, ызы-чуу болуп атканын ТВдан көрүп атабыз. 
Биздин өкмөт башчы Кубатбек Боронов да “пандемиянын экинчи толкуну келе жатат, даяр болушубуз керек”- деп айтып,  өкмөт даярдыктарды көрүп жатат. Эл болсо кечээги мөгдүрөгөнүн заматта унутуп, баарыбыз топурап, тыгылышып-сыгылышып, маска кийбей, эрежелерди, коопсуз аралыкты сактаганды түк карабай калдык. Ресторан, кафелерде штрафын төлөп койуп, 50 киши деген чектөөлөрдү уруп ойнобой той-торопой уланып жатат. Кой-айга келчүдөй эмеспиз. 
Ресторан бизнесинде эмгектенгендердин баары: “Коомдук транспорт, маршруткаларда, соода борборлорунда, башка коомдук жерлерде тыгылыштар болуп атканына карабай иштеп жатышат.  Бизге да уруксат бергиле. Бала-бакырабызды багышыбыз керек”- деп талап коё башташты. 
Бул жакты тыкыр ойлонуп, бир чечимге келбесек болбой жатат. Экинчи толкун өткөнчө чыдап, андан кийин деле коңшу өзбек, тажик туугандардай, адам саны боюнча 100 киши деп чектөө киргизиш керек го? 500-600 адамды чакырып той берген аткаминерлерди, ошо замат кызматтан ала турган мыйзам киргизип, жумуштан алып баштаса эле тыйылат да. Ал чоңдор “бергенимди кайра чогултуп алайын”- деп той берип, чачканын ашыра жыйып алат экен, аларга теңелгиси келип намыстанган бечара итке минип калат экен. Ошо кимге керек? 
Той албетте керек. Биз чакан-чакан аш-тойлорду көбүнесе үйлөрдө өткөргөнгө өтүп, сарамжалдуу жашаганга өтүшүбүз керек. Байларга да бийлик чара көрүп, “кутурбагыла, элди сыйлагыла”- деп катуу чараларды, очойгон айып пулдарды салса эле тартипке келет. Биз пандемияга жана башкага карабай эле, коңшулардай чакан тойлорго өтүшүбүз керек. Мен ошондой ойдомун. Эл да ушуну туура көрүп, талап да кылып жатышпайбы. А элди угуш керек.  

-  “Баарына каршы” кыймылы тууралуу айтсаңыз?

- Мен алар менен жолугушуп, сүйлөшүп турам. Өткөндө “Достук” мейманканасына чогулушканда мени чакырышты. Бардым, уктум. Бакыт Калмаматов менен фойеде бир топ сүйлөштүк. Ага чейин да бир топ активдүү демилгечилери менен пикир алышкам. 
Бул “Баарына каршы” дегендер негизги жок жерден чыга калышкан жок. Элге жек көрүндү болуп калган өткөн чакырылыштын депутаттарынын 90го жакыны кайрадан шайлоого аттанганына нааразы болгондор көп болуп, соцтармактардан үн чыгарып жатат.
 Бирок алар уюшулбаган, чачкын... Шайлоо бюлетениндеги 17-графа да көпчүлүктү козутуп, шыктандырып жатат. “Против всех” жеңип, кайра шайлоо болсо “чимкириктердин” жолун бууйбуз, кайра чыгышса кайра да против кетебиз деп турушат. Анан ушу “Каршы” деп уюшкандар биригип, кайра шайлоо болсо катышабыз деген ойлору бар. 
Булар ошол чачкын каршыларды бириктирип, массалык кыймылга айландырууну көздөп жатышканын ачык байкалууда. Элдин көңүлүн өзүлөрүнө буруш үчүн катуу аракеттерди көрүүгө белсенишип, бийликти катуу сындап, чечкиндүү оппозиция образын жаратууга аракеттенишип, Ала-Тоо аянтында мөөнөтсүз митинг да жарыялашты.
Шайлоого аттанган 16 партия негизинен шайлоонун үгүт иштери менен алек. Бийликчил, акчалуу деген партиялар, “Бүтүн Кыргызстан”, “Мекенчил”, “Республика сыяктуу тажырыйбалуу, электораты бар партиялар буларга анча көңүл буруп, убакыт коротпой өз иштери менен алек. 
5 миллион сом шайлоо күрөөсүн эптеп чогулткан “Реформа”, “Ордо”, “Чоң Казат” сыяктуу майда бечек партиялар бул “Баарына каршы” кыймылынын демаршына ичтери чыкпай, “оппозициялык маанайдагы, бизге добушун берчү электоратты тетири айдап жатасыңар, бийликтин проектисиңер, жалган оппозициясыңар” - деп катуу нааразы болуп, ич күптүлөрүн эфирден ачык айтышты. 
Бирок “бийликтин проектисисиңер” деген жери түк коошпой калды. Мөөнөтсүз митинг баштап, шайлоонун артын “шаңга” бөлөп, беларусь сценарийин кайталап, саясый туруктуулукту бузуп, тополоң салуу ниеттери ачык байкалып турган топту кантип бийликтин проектиси дейбиз? 
“Баарына каршылар” болсо: “Силер баары бир өтпөйсүңөр, андан көрө бизге кошулгула, чогуу каршы чыгалы”- дешсе, же  беркилери болбойт: “- Силер кечигип шайлоого кирбей калгандар экенсиңер, элди курдан бошко козутуп, кайра шайлоо болуп калса кошулуп калабыз деп жеке кызыкчылыгыңар үчүн тытынып жатасыңар, кайра шайлоо болбойт, куру убара, “Баарына каршы” жеңбейт, уюшуп үлгүрө албайсыңар, бизге эле кедергиңер тиет”- дешип өпкөлөрү кара казандай.
“Баарына каршыларды” кыймылга айлантууну көздөгөндөрдүн башында турган Бакыт Калмаматов, Эркин Бөлөкбаев, Токтайым Үмөталиева, Ташболот Балтабаев, Туратбек Мадылбеков, Кубанычбек Исабеков, Сагынбек Абдырахманов ж.б. чындыгында эле бул шайлоого аттануу ниеттери болуп, бирок ар кандай себептерден улам тизмелерге кирбей калгандар экендиги да чын болгондуктан Клара Сооронкулова, Бектур Асанов сыяктуу саясатчылардын, Асланбек Сартбаев, Нургазы Анаркулов сыяктуу саясый серепчилердин сөзүнө да ынанбай койо албайсың. 
Биздин өлкөдө кырдаал өтө опурталдуу... Карыз чачтан көп, төлөө мөөнөттөрүнүн оор этабы келип калды. Кытай бул жагынан карызын доолап коколоп, темир жол проектиси жылбай, тиягыбыздан Орусия “кытайга ыктап көр” дегенсип кыр көрсөтүп жатат, АКШ менен Батыш Беларусь сценарийин Ала-Тоого көчүргүсү келип, биздин мамлекетке эле абдан кыйын болуп бара жатат. 
Сырттан жоо келегенде кокту, коктудан куюлуп түшүп,  бир муштумга бириге калган кыргыз кайда? Бири кытайга кул кылууга куштар болуп акча сапырып, башкасы океандын ары жагынан бакыт издеп...  
Экономикалык абалга байланыштуу да элдин кабагына кар жаап турат. Кеги барлар менен, так талашкандар ички тышкы кырдаалдан пайдаланып тополоң кылып болсо да бийликти алсак деп белсенип турат. 
Мындайда Кудайдан бейпил жашоо тиленип, мамлекет башчынын тегерегине бир муштумдай түйүлүп ынтымакта болбосок чачыратып, бирибиз Алтайга, бирибиз Каңгайга куулуп кетишибиз толук мүмкүн... 
Ошентип айтсаң эле Сооронбай Жээнбековду сындагандар четтен чыгат. Ой жаманбы, жакшыбы, каалайбызбы, каалабайбызбы(?), ал 2023-жылга чейин шайланган Кыргыз Республикасынын президенти да. Башка жок. Ал жок болсо легитимдүү бийлик жок, 2005, 2010- жылдардагыдай тополоң бардак башталбайбы. Бизге ошол керекпи? Курсак тоёт, жыртык бүтөлөт, бир күнү. А мамлекеттүүлүк деген табылбайт, бир жоголсо. Ушуну эстен чыгарбашыбыз керек!

- Эми жанагы групповой мушташтар тууралуу айтсаңыз. Буга кандай баа берилип, кандай чаралар көрүлүшү керек?

- Эми мындай мушташ, бычакташуу, атышуу мурунку шайлоолордо да болуп келген. Бирок азыркыдай катар-катар групповой мушташ ондогон адамдар жаракат алып, ооруканаларга жатканы эмнегедир ушул шайлоодо күчөп кеткендей. Коррупционерлер менен бандиттер кутура баштаганынын, эч кимди көзгө илбей баратканынын далили.
Эми бул окуялар дыкат иликтенип, өз ара бүтүшүп алганга жол берилбей, мыйзам чегиндеги болушунча катаал чаралар көрүлүп, күнөөлүү тарап талапкерлер болобу, партия болобу жоопко тартылышы керек. Бул жерде биз мамлекетпизби (?), же “баланын үйү, Бапанын алачыгыбызбы?” деген маселе турат да.
Бул биринчиден коопсуздук маселеси. Бул мыйзамды көзгө илбей калгандыктын, коррупциянын гүлдөгөнүнүн, атка минерлерибиздин кылмышкерлер менен аралашып, сиңишип кеткенинин, кылмышкерлердин укук коргоо органдарын көзгө илбей калгандыгынын далили. 
Бул элибиздин деградация болуп, укум тукумунун келечегин майда тыйынга соодалап калганынын, эл болуудан калып баратканыбыздын белгиси. 
Бул коңгуроо - мамлекетибиз жок болуу жолуна түшкөнүнөн кабар берип жатат. 
Парламентке шайланып алып, жылуу-жумшак жерде эл казынасын тоноп, байлыгын арттырып, жоопкерчиликке тартылбай тайраңдаса болоорун билип алган “элита” өкүлдөрү уурдаганын чачып, кайрадан шайланышы керек болуп атат. Депутат болууну каалагандар миңдеп саналат, а оорундар болгону 120. Конкуренция күч. Жөөлөшмөйүн болбойт. Ал үчүн  акча менен бирге кылмышкерлер дүйнөсүнүн өкүлдөрү тартылууда. Анан дөөгүрсүп, күчкө таянган немелерге гонорарды өкүртө берип туруп шыкактап койсоң болду, урунаарга жоо таппай, көрүнгөнгө асылат, урат, бычактайт, атат да.
Мындайга биздин мыйзамдар жол берип жатат. Муну кийинки шайлоого чейин, же кырдаал кескин талап кылса, балким ага чейин, Башмыйзам, Шайлоо кодекси, партиялык курулуш ж.б. мыйзамдардын баарын түп тамырынан өзгөртүшүбүз керек. Бул мыйзамсыз жоруктар акча менен эле криминалдын айынан болуп жатат. 

- Акчанын ролу тууралуу. Өткөндө президентибиз Сооронбай Жээнбеков: “мага акча сунуштап, добушуңду сат деп жатат” деп арыз жазгандар жок болуп атат, ансыз кармаш кыйын экен”- дегендей маанидеги сөздөрүн айтты. Чынында эле акча бергени да, акча алганы да жооп бере турган болсо кимиси айтат? Сиз кандай дейсиз?

 -Биз жогоруда айтып кеттик. Бул коопсуздук маселеси. Биздин элдин руханий дүйнөсүн булгап, келечегин саттырып, мамлекеттигибизди жок кылууга жасалган иш аракет болуп атпайбы. Ушундай кырдаалда ким арыз жазат деп арыз күтүп отуруш керекпи? 
Бул биздин УКМКнын жоопкерчиликти сезбегендиги, компетенциясы жетпегендиги, алсыздыгы. Дагы уялбай президенттин башын айландырып, “эч ким арыз жазбай атат” дешкенин кара, мамлекет жок болуу жолуна түшүп атса. 
Сот прокуратура менен кеңешип, атайын уруксат алып аңдышсын, тыңшашсын да. Демейде бийликти сындагандарды аңдып, тыңшаганда эч кандай уруксаатсыз эле жасап жатышпайбы. А бу жерде эл катары жоголуу коркунучу турса эмне эшек такалап отурушабы? Же эмне коррупционерлер биздин коопсуздук кызматын да сатып алышканбы? Эл да Катанинин “президентти айланасындагылар укпай, өз билгендерин кылып атышат дегени чын го?”- дешип, ишенип, ишене албай турушат.
50 миң кишини агитатор катары расмий жалдап, 1 миң доллардан жалпы суммасы 50 млн долларды берип аткандар бар экен. Бул башка расходдорун айтпаганда. Ошолорду аңдып, майдалап, тарата элегинде мүшөгү менен алып казынага төгүп кой. Криминалдарды коштубу(?), тизеге чаап туруп алпарып кама, далилди бер БШКга, партиясын шайлоодон алып салсын. Ушундай болсо анан тартип болот да.

Булак: "Майдан.kg" газетасы