Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шайлоо 17-августта өттү. Он-Арча айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапакер - Кадыров Рысбек Зарлыкович айылдык кеңештин депутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн.

Шайлоого Он-Арча айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9 депутаты катышты. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын чыгарган жыйынтыгы боюнча Р.Кадыров 9 добушка ээ болгон. Муну менен ал Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. 

Булак: media-center.kg