Жакында Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылында окуучулардан бирдиктүү форма талап кылынбай турганын жарыялады. Бул албетте, азыркы шартка байланыштуу, басымдуу бөлүктөгү окуучулар дистанциондук формада билим алышаарынан улам кабыл алынганы айтылды. Бирок ошол эле убакта коомчулукта бирдиктүү форманын жокко чыгарылышы акыбал турукташып, окуучулар мектепке бара башташкан чакта да сакталып калуусу мүмкүндүгүнө тынчсыздануу башталды. Бул боюнча Эмилбек Каптагаев пикирин төмөнкүдөй билдирди: 

"Жакында Билим берүү министирлиги бирдей форма талабынан баш тартканын билдирди. Бул мындай караганда жакыр же көп балалуу үйбүлөлөргө кам көргөндөй туюлат. А бирок иш жүзүндө тетирисинче... карамандай каршы жыйынтык берчү ойлонулбаган чечим. Анткени, бирдей форма жок болгондон кийин ар ким каалаган кийимин киет. Колунда жок үйбүлөнүн балдары (айрыкча кыздары) күндө эле бир көйнөк менен сабакка бара албайт, билинбеген менен алардын арасында дагы атаандаштык, намыс күч... Барыбызда эле бала бар го... Форма болсо башка кеп, күндө жууп-тазалап кийип бара берет, айырма билинбейт. Өспүрүмдөрдүн психикасына өтө чоң доо кетет кийимдин көйгөйүнөн. Мына ушул жагын Билим берүү министирлиги жакшы ойлонсо туура болмок дейм".