Балыкчы мэриясы пандемия учурунда COVID-19 илдети менен күрөшүүдө жана анын жайылышына бөгөт коюу максатында, элдин саламаттыгына кошкон чоң салымдарын кошкондугуна байланыштуу ыктыярчыларга атайын ыраазычылык билдирди. Бул маалыматты алар сайтына жазышты.
Алардын күжүрмөн ак эмгеги, патриоттук сезиминин бийиктигине, медициналык кызматкерлердин колуна кол, бутуна бут болуп, баа жеткис жардамы үчүн Балыкчы шаарынын элдик мобилдик тобуна терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздерге мындан ары бекем ден-соолук, узун өмүр, ишиңиздерге ийгилик каалайбыз, — деп айтылат маалыматта.
elgezit. kg