Жалпы жакшы тилек кылалы.

Дүйнөлүк адамзаттын башына түшкөн апаат, капсалаңдан  Кыргыз эли да четте кала албады. Жабыр тарттык, кемидик, кетилдик, бөксөрдүк, бүлүндүк,чыйралдык, чымырканып, биримдигибиз бекемделди.

Жараткан Кудайдын жазканына арга барбы. Көтөрөбүз да. Мындай "кара такты" эскерүү күнү  мындан ары болбосун! Жараткан Кудайым мындан аркысын жалаң жакшылык жетишкендикти эскертсин!  

Бүгүн Жараткан Кудайдан жалпы биригип; "Ушул оору жалпы адамзаттан башынан тез чыгып кетсин!? Анын ичинде Кыргызстаныбыздан да тез кетсин!? Кайрылып адамзатка келбесин!? Жалпы адамзатка бейпил тынч заман келсин!? Аты жаман оорунун дарысы табылып, вирусу такыр жок болсун!? Дүйнө элдери менен бирге Кыргызстаныбыз да тынч жашоого өтсүн!? Элибизде биримдик-ынтымак бекемделип мамлекетибиз гүлдөп өнүксүн!? Элибиздин жашоо турмушу оңолуп, берекелүү, куттуу жашоого жетели!? ООМИЙИН!"- деген тилек кылалы.

Жалпы тиленсек Жараткан Кудайым кабыл алгысы бардыр. Аты жаман оорунун кесепетинен кайтыш болгондорду эскерип куран дуба окуйлу. Оору менен күрөшүүдө кызмат аткарып жүрүп өмүрүн бергендерге таазим кылалы. Элим! Кайратыбыздан жазбай, ынтымак биримдик менен ооруну толук жеңип чыгалы!