"Медициналык мекемелерге ыктыярчылардан гуманитардык жардам алууга эмнеге тыюу салышты? Логика эмнеде? Бул жеткен келесоолук да. Андан көрө жардамдарды каттоо жана пайдалануунун атайын формасын бекитип, андан тышкары жетекчиликке өзүнчө отчет берип турууну камсыздашса туура болмок. Эпидемиянын толкуну басаңдай түшкөнүнөн эйфорияга батуу болбойт. Каалаган учурда кайрадан күчөп кетиши да мүмкүн", - деп жазды Эмилбек Каптагаев соцтармактагы баракчасына. 

Эске салсак, соцтармактарда ыктыярчылар тобунун мүчөлөрү медициналык кызматкерлер жардамдан баш тартып, жетекчилик катуу тыюу салганын айтышканын жазып чыгышкан. Жетекчилик элдин жардам берүүсүн "кайсы бир топтун өзүн өзү пиарлоосуна жол ачып атат" деп кабыл алган.