494,7 млн. сомдук көлөмдү түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 38,2% кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Кыргызстандын керектөө рыногунун абалы жөнүндө ыкчам изилдөөсүндө маалымдалды.
Эки сервистин жумушунун көлөмү былтыркы жылдын алгачкы жарымында 8 млрд. 243,8 млн. сом болгон.
Жаз айларында коронавирус пандемиясы башталгандан кийин өлкөдө өзгөчө абал киргизилип кафе-ресторандарда той өткөрүүгө тыюу салынган. 11-майда карантин режими алынганына карабай бул чектөө кала берген.
Кыргызстанда коронавирус илдетинин көбөйүп жатканына байланыштуу эл көп катышкан иш-чараларды, анын ичинде аш-тойлорду өткөрүүгө расмий тыюу салуу сунушун мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бир нече жолу белгилеп айткан. Президент Коопсуздук кеңешинин 6-июлдагы жыйынында бул маселеге кайрылып, Коронавируска каршы республикалык штабга аш-тойлорду расмий тыюу сунушун карап көрүүнү тапшырган.
7-июлда өткөн онлайн брифингде сүйлөп жатып премьер-министр Кубатбек Боронов буга чейинки эскертүүлөргө карабай жашырынып той өткөргөндөр бар экенин айтып, аларга катуу чара көрүлөрүн билдирген.
Президент С. Жээнбеков да жакында Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда тойлор менен ар кандай майрамдык иш чараларга каттуу тыюу салынарын билдирип, бийликтин мындай кадамы пандемияга байланыштуу болуп жаткандыгын, андыктан эл туура түшүнүүсү керектигин айткан болчу.
Булак: "Майдан.kg" газетасы