Кечээ, 14-июлда 70 жаш курагында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жангороз Каниметов каза болду. Бул тууралуу Каракол мэриясынан билдиришти. 

Жангороз Каниметов 1950-жылы Түп районундагы Токтоян айылында туулган. 1971-жылы Пржевальский мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган. Кийинчерээк Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин бүтүүрүчүсү болгон. Ал педагогикалык илимдердин доктору.