Кечээ, 12-июлда "Аэрофлот" россиялык авиакомпаниянын чертердик каттамы менен кыргызстандык 45 медицина кызматкери Москвадан кайтып келишти. Алар атайын Кыргызстандагы оор кырдаалдан улам мекенине жардам берүүгө келген ыктыярчылар.
КР шахмат Федерациясынын вице-президенти Жаныбек Асанбеков дарыгерлердин кайтып келүүсү боюнча пост жазып, анда тосуп алууга эч ким келбей койгонун айтты.
"Мында да ыктыярчылар колдоп кетишти. "Манас" абамайданына вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, депутаттар Жанар Акаев жана Алтынбек Сулайманов барышы керек болчу. Бирок бири да келген жок. Дарыгерлерди тосуп алышпады, ал турмак транспорт да уюштурушпаптыр. Дагы жакшы биз абамайданга кичиавтобус менен өзүбүздүн адамдарыбызды узатып барганбыз, дарыгерлер биз менен мейманканага чейин жетип алышты. Биздин аткаминерлерге уят! Адамдар баарын таштап бизге жардам берүүгө келишти, билетин курулуш компаниясы төлөп берди, а өкмөт куру дегенде транспорт менен камсыздай албады", - деп жазды Асанбеков.