Кыргызстандын Россиянын аймагындагы дипломатиялык мекемелер Жогорку Кеңештин шайлоосуна байланыштуу маселелерди чечүүгө киришишти.  

Алар билдиришкендей, бул жаатта аз эмес тажрыйба бар. Бул тажрыйба  Кыргызстандын 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо бир топ байыды. Анда чет өлкөлөрдө, анын ичинде Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар да катышып добуш бере алышкан. 

Ушул жылдын февраль айында кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана лидерлери менен жолугушууда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова КР президенттерин жана депутаттарды шайлоо тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлө боюнча маалымат берген. Анда республиканын өкмөтүнүн чет өлкөлөрдөгү жарандарынын шайлоо укугунун шартын жакшыртуу үчүн кабыл алган чаралары жөнүндө сөз болгон. 

Буга байланыштуу кеп Жогорку Кеңештин шайлоосу тууралуу да айтылган. КР президентинин жакында кол койгон Жарлыгынын негизинде шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ошондуктан эми чет өлкөлөрдө шайлоого даярдануу аракеттери башталат.