Чындык ачуу бирок ал айтылышы керек.
20.06.2020 аты жаман оорунун расимий катталганы 2981 болчу. 29.06.20. катталгандардын саны 5017 ге жетти. 9 күндө 2036 га көбөйдү. 2000 адамдан " Ооруну кайдан жугуздуң? Акыркы эки жумада кимдер менен контактыда болдуң?"- деп сураш акылдан айныгандык. Пайдасы жок суроо болот. Анткени ал 2 миң адамдана тараган байланыш аз болгондо 100 миң адам менен контактыга чейин жетет. Алардын барын эч ким текшере да албайт. Текшерген менен деле овцервацияга ала албайт. Бийлик деле муну түшүнүп турат. Ошондуктан эмне кылаарын билбей калдастап калышты көрүнөт. Акыл таппай калганда арга жок чечимдерди кабыл алмай пайда болот. Анын бири ишемби,жекшемби күндөрү коомдук транцпортту иштетпей токтоткан аракеттери болду. Бул эми бийлик "Иш кылып атабыз. Аракет көрүп атабыз."- деген эле айлалары кетендеги"жамыныч". Болбосо бир жума "эс алып" жаткан оору ишемби, жекшембиде эле "Кой эл менен учурашайын"- деп көчөгө чыгат бекен. Ал өз ишин күнү түнү, ишемби, жекшемби - дебей эле аткарып атат.
Жөнөкөй бирок иштиктүү сунуш айтам. Шашылыш Кыргызстандагы бүт оорукана, медициналык жайлардын баарын бул оору менен оор акыбалда түшкөндөрдү кабыл алууга даярдыкка өткөргөн туура болот. Керек болсо айылдардагы ФАПтарга чейин даярдансын. Сырттан келген каражаттардан бул багыттка каражат шашылыш каралышы керек. Мурда да жазгам. Кайталайм. Овцервацияда жаткандар кое берилип өз үйлөрүндө карантинде болушсун. Аларга кетирилген чыгым медицина тармактарына которулсун.
Мамлекет тарабынан базарларды, соода түйүндөрдү жумуштан кийин дизинвекциялоо иштери ошол түйүндөрүн ээлери менен биргеликте күчөтүлгөнү туура.
Болоору болду. Оору массалык тароого өтүп кетти. Эми ар кандай тыюу салгандан пайда жок.
Ооруган адам паникага түшпөй үйүндө өзүн өзү дарылап айыгышка аракеттениши керек. Кадимки сасык тумоо болгондо "постельный режим"- деп төшөкө жаткырчуу эле го. Ошол сыяктуу эле оорунун белгиси байкалса үйүңдөн чыкпай дарылан. Ал эми кантип дарыланыш керектиги тууралуу элдик медицинадан тартып илимийине чейин ар тармактан күндө сайрап атышат. Өтө оорлошуп баратканы ооруканага кайрылсын. Кайсыл оорукана болсо да колдон келген жардамын көрсөтүүгө даяр болушу керек. Туура медициналык керектүү жабдыктар бардыгында жок. Колдо барын пайдалануу керек. Бир да оорукана "Кокуй сен тажытумоо экенсиң. Биздин ооруканага жолобо"- дебеши керек. Кадимки сасык тумоо менен күрөшкөндөй эле күрөшмөйүн ооруну жеңүү мүмкүн эмес.Бийлик элди "Айтканды угуп тартип сактаган жоксуңар"- деп күнөөлөп, эл бийликти "Тиешелүү чара көрө албадыңар"- деп кайым айтышуудан пайда жок. Мындайда тескерисинче биригүү гана жыйынтык берет. Ынтымак менен чогуу күрөшүп аты жаман ооруну жеңели.
Чолпонбек Абыкеев, жазуучу