Депутат Гүлшат Асылбаева сунуштаган фейк маалыматтарды чектөө боюнча мыйзам долбоорун коомчулукта жактагандар аз болууда. Айрым пикирлерге караганда бул мыйзам долбоор шайлоо алдында көз карандысыз ММКларды ооздуктоого арналган.
Facktchek.kg сайтынын түптөөчүсү Болот Темиров фейк менен интернет-провайдерлер да күрөшө албаган шартта бийлик кантип күрөшүүнү ойлонуштуруп жатканына таң калды.
“Сиздер фейк маалыматтарды чектейбиз деп калп айтып жатасыздар, муну интернет-провайдерлер да жасай алышпайт. Фейк менен күрөшөбүз дейсиздер, бирок чындыгында андай нерсе жок. Эмнеге калп айтып жатасыңар? Мени сотко берсеңер бере бергиле. Силер баңгизатты айтып жатасыңар, аны байкап, артынан күзөтүү мүмкүн эмес, анткени соода Ватсап, Телеграмм аркылуу болот жана алар дайыма IP – дарегин өзгөртүп турушат. Аларды аңдый албайсыңар. Жөн гана фейк аккаунттарды шылтоо кылып биздин оозубузду жапкыңар келет”, - деди Темиров.
Белгилей кетсек фейк маалыматтарды чектөө боюнча мыйзам долбоорунун негизинде парламенттик угуу болуп жатат.