Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен өлкөдө коронавируска чадыккандардын жалпы саны 1243 адамга жетти. Акыркы суткада 71 бейтап айыкты. Ошону менен Кыргызстанда жалпы 898 адам коронавирус илдетинен айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 6 адам + 1 адам Санкт-Петербург шаарынан келгендер;

- Чүй облусунда 3 адам (Соль-Илецк шаарынан келгендер);

- Нарын облусунда 11 адам;

- Ош облусунда 6 адам.