Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Муну менен өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1216 адамга жетти. Ал эми акыркы сутка ичинде 23 бейтап айыкты. Ошону менен Кыргызстанда жалпы 827 адам коронавирус инфекциясынан айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 3 адам + 3 Санкт-Петербург шаарынан келгендер;
- Чүй облусунда 3 адам + 43 Соль-Илецк шаарынан келгендер;
- Нарын облусунда 14 адам;
- Ош шаары 5 адам;
- Ош облусунда 6 адам;
- Жалал-Абад облусунда 1 адам.