Ошол каргашалуу күнү Көк-Таш айылынын четинен Тажикстан менен чек арага жакын жерде Мажитовдордун беш бөлмөлүү үйү өрттөлгөн болчу.

Күйүп кеткен үйдүн чыгымдарын төлөп берүү, талашка түшкөн төрт гектар жерди мындан ары иштетүү маселелерин чечип алыш үчүн Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын денгээлинде эки тараптуу жолугушуу өттү. Сүйлөшүүгө кыргыз делегациясын өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов жетектеп барды.

Чырлуу аймактагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек арадагы чатактардын алдын алуу, кызматташтыкты жандантуу багытында сүйлөшүүлөр жүрдү. Жолугушууга катышкан Баткен районунун акими Каланбек Маркаев өрттөнгөн үйдүн чыгымын жабуу караштырылып жатканын билдирди. “Жолугушууга тиешелүү кызматтар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Биз тараптан облус жетекчисинин орун басары Жаркынбек Максутов баштаган топ бардык. Тажикстандан да Согди облусунун жетекчисинин орун басары баштаган топ келди. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, чырдын алдын алуу маселесин талкууладык. Макулдашуу абалды турукташтыруу багытында эле болду. Талаш жердин маселеси да айтылды”,- деди ал.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында макулдашуунун ар бир майда-чүйдөсүнө чейин айтылган жок. Бирок өрттөлгөн үй-жай үчүн чыгымды Тажикстан тарап эмес, Кыргызстан төлөп бермек болгону жана Кыргызстандын жарандары пайдаланып келген талаштагы 4 гектар жерди убактылуу иштетпей турганы макулдашылган.

Бирок, “бийликтегилер ошол чек арадагы чырлуу аймактын тургундарын карап, чыгымдарды кошуналардан өндүрүп бериши керек эле”,- дешүүдө Көк-Таштын тургундары. Үйү өрттөлгөн Шада Мажитова: “жергиликтүү бийлик маселени чечүүдө кайдыгерлигин уланта берсе өлкө башчысына кайрылам”- деди.

“Ар ким келди, кабар алганы. Бирок бир ток этерин айтып маселени чечкени жок. Үй болсо өрттөнүп кетти. Жашообуз болсо кооптуу болуп калды. Азыр эми абал кандай болорун айтыш кыйын. Чек араны болсо так сүйлөшүп чечип беришкен жок. “Жолугуп сүйлөшөбүз” эле дешет. Бирок мындай сүйлөшүүлөрдөн эч пайда болгон жок. Анан кайдагы бир нерселерди макулдашып коюшат. Ошондуктан ишенич деле жок. Чоңдорду көзөмөлдөп катуу тапшырма бериш керек”,- деди ал.

Чек арада жашаган калк арасында эки тараптуу жолугушуулардан үмүт арткандар азайып жатат десек болот. Анткени буга чейин да жергиликтүү, өкмөттүк деңгээлдеги бир топ жолугушуулар өтүп, макулдашуулар аткарылбай кала берген учурлар көп.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (448), 15.05.2020-ж.