- Адил мырза, эгер жалпы эл тесттен өтүшү керек болсо, эл чөнтөгүнөн төлөш керекпи же мамлекет каржылашы керекпи?

- Негизи “эл төлөшү керек”- деген туура эмес. Анткени, бийлик жарандарга жеңилдик берген жок. Тагыраагы, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө кандайдыр бир компенсациялык төлөмдөр берилбеди. Ошон үчүн жок дегенде коронавирустун тестирлөө маселесин мамлекет өзүнө алышы керек. Тест тапшырууну акысыз кылып, мамлекет элдин саламаттыгына кам көрүшү абзел. А бизде болсо, тескерисинче, акчасы жок адамдардан акча доолап, тесттен өт, болбосо конституциялык укуктан ажырайсыңар деген маселе жарала баштады. 

- Карантинден кийин элдин жашоо турмушу баштагыдан өзгөрүшү мүмкүнбү?

- Албетте өзгөрөт. Биринчиден, карантинден кийин элдин жашоосу кескин түрдө оорлойт. Анткени, карантин бүтөр менен экономика туруктуу өнүгүү ритмине түшө албайт. Орто жана чакан бизнестердин көпчүлүгү кредит менен иштешет. Карантин бүтөр замат кредитин төлөшө албайт. Мамлекет 2-3 айдан кийин төлөй турган кылса, банктарга жана микрофинансылык уюмдарга оорчулук түшөт. Экинчиден, мигранттардын акчасы да токтойт. Анткени, Россияда дагы абал оор. Ал жерде көптөгөн өндүрүш жана үй  куруучулардын бизнеси да токтоп калган. Үчүнчүдөн, Кытайдан Россияга ташылган товарлар да басаңдайт. Төртүнчүдөн, Кыргызстанда өндүрүш жок. Көбүнүкү тейлөөчү иштер. Тагыраагы, кафе, ресторан, авто жуучу жайлар, салондор. Булардын ишмердүүлүгү элдин жашоо шартына ылайыкталган. Элде акча жок болсо,  алардын  да абалы оорлойт. Өкмөт болсо, донорлордон алган акчаны бюджетке салып, социалдык төлөмдөргө жумшоого аракет кылып  жатат. Элде акчанын, тамак-аш тартыштыгынан  көйгөйлөр жаралат. Тагыраагы, жетишпеген турмуштун жаман жагы социалдык депрессияга, саясий чыңалууга алып келет. Элдин маанайы түшөт. Криминал күчөп, уюшкан кылмыштуу  топтор өз ишмердүүлүгүн жасайт. Анткени, ишкерлер банкка төлөй турган каражатты  караларга берип, алар менен байланышууга аргасыз болушат. Мына ушундай жагдай каралар менен болгон байланышты күчөтөт.  Бир жарым жыл убакыт экономиканы кайра калыбына келтирүүгө жумшалат.  

- Жогорку Кеңеш келген жардамдардын кайда эмнеге жумшалганын сурап, өкмөттөн отчёт алышы керекпи?

- Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери 10 миллиарддан ашык грант жана кредит алганбыз. Алар кумга сиңген суудай эле жок болуп кеткен. Көбүнөн эл пайда деле көргөн жок. Азыр да ири суммалар келди. Ал каражат өкмөттүн айтуусу боюнча бюджеттин тартыштыгына жана бизнести колдоого жумшалат экен. Макул бюджеттеги социалдык төлөмдөрдү төлөсүн. Бирок, канчасы бизнеске кетерин, кандай ишканаларга берилээрин көзөмөлдөшүбүз керек.

Арина Рысбаева