Маалыматка ылайык, Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында 50дөй койду сел агызып кеткен. Ошондой эле, беш гектардай жердеги айыл чарба эгиндери да зыянга учураган.
Мындан сырткары, селден Ала-Бука районунун Биринчи Май айыл аймагында, Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында үйлөр, эгин талааларын, Аксы районун Ак-Жол айылында 2 чакырым жолду суу каптаган. Учурда Сузак районунундагы селден кандай зыян келтирилгени аныкталып жатат.
Булак: media-center.kg