Эмилбек Момунов, журналист:

Бул адилеттикти арамдык, ак ниеттикти кара ниеттик жеңген жалган дүйнөдө дагы бир топ жашасаң эмне болмок?

- Мен Зайырбектен бир топ жаш улуу болсом да бири-бирибизди студент кезден жакшы билип, ошол учурдан тартып ортобузда сый гана мамиле болуп келаткан. КМУнун журфагында биз 5-курс болгондо, алар 1-курс болчу. Анан Абдурасул экөөсү эгиз козудай болуп эки орундук чакан бөлмөдө №10 жатаканада жашачу. Мен өзүм колунан жетелеп келип киргизген бир тууган бөлөмдөн кабар алганы кирип калып, Зайырбекти күндө көрчүмүн. Эмнегедир Зайырбекти азыркыга чейин бир тууганымдай көрөт элем, ал да мени көргөндө ийиле салам берип, күлүп, “Эмил аке...”- деген сөзү жан дүйнөмдү жыргатып коёр эле. Көрсө, азыр ойлосом, сенин акындык тубаса адамкерчилик, бийик сапатың, эч кимге жаман сөз айтпаган кичипейилдигиң мени, балким башкаларды деле өзүңө магниттей тартып турган экен. Акыркы мезгилде жеке карым-катнашыбыз болбосо да сенин чоң уулуң аскер болгондугун, кызың Карлыгач чоңоюп аткандыгын ФБдагы постторуңдан көрүп, окуп атканбыз. Өткөн жекшемби беле же андан мурдагы жекшемби күнү беле, адаттагыдай эле үйдө иштеп жүрсөм, Зайырбек чалып калып: “Эмил аке, мага үч тоок керек эле “Азаттыктан” жөө баратам...”,- деди. Мен: “сен жеткенче союп, тазалай коёюн..”,- деп, үйүмдө убактылуу жүргөн группалашы, досу, менин бир тууган бөлөм Абдурасулга: “Зайырбек досуң келатат...”,- десем, чочуп кетти. Аңгыча Зайырбек келип калып, мен тоокту даярдаганча көп жылдар боюу көрүшпөгөн достор көк майсаңда бир аз сүйлөшүп отурушту... Мен тез эле анын буюртмасын даярдап, алып чыгып берсем, желкесине асынган сумкасына сала баштады. Бирок ичинде китептери бар экен, аларды суу болбосун деп, өйдө жагына коюп бердим.

Эмнегедир адатта чечилип сүйлөбөгөн, мени дайыма “Эмил аке...”- деп эле сурашып калчу иним бул ирет бир аз сылтый басып, андан ары “Дордой” тараптагы үйүнө жөө кетүү үчүн жолду сурап, “Ээ, бүгүн жолум болбой калды...”,- деп калды. “Эмне болду?”,- десем, “Айдоочулук күбөлүгүмдү үйдө унутуп калган экенмин, ГАИ токтотуп, машинамды айып аянтчасына токтотуп салды, эми эртең ГАИге чуркаш керек...”, - деп, аябай кейип калды. Мен “эч нерсе эмес, “Азаттыктын” күбөлүгүн көрсөтсөң кармамак эместир”- деген сөздөрдү айтып, узатып койдум. Эртеси күнү ФБдан да “Кечээки 3 – “,- деп ошол күнү жолу болбогон үч жагдайды жазды. Ошондо да мен ал пикирине: “Эми үч ыр жазып сал...”,- деп тамашалаган болчумун. Абдурасул экөөбүз Зайырбекти узатып койгондон кийин ал карантинге байланыштуу квартиранттарынан бир айлык батир акысын кечкендигин, алардын айылга кеткени кетип, кете албагандары кыйналып жатышкандыгын, өзүнүн кредити бар экендигин, аны кантип төлөөнү ойлонуп аткандыгын, ден-соолугу начарлап аткандыгын... айткандыгын уктум. Көрсө, ошол күнү сен досуң жана агаң менен коштошкону келген турбайсыңбы...

Сыягы, сенин акындык назик жүрөгүң жакын досуң Элмирбекти жоготкон оор кайгыны, жок жерден ойлоп табылган каргашалуу карантинге байланыштуу жеке өзүң гана эмес, тегерегиңдегилер, жалпы кыргыз эли кыйналып аткандыгын көтөрө албады окшойт... Бирок кечээ кечке маал сенин кайтыш болгондугуңду угуп, башыма союл тийгендей көпкө ишене албай турдум. Ошол шум кабарды укканда нес болгон менен азыр кабинетке келип, эч ким жокто ушул эскерүүлөрдү жазып, ыйлап атам... Бул адилеттикти арамдык, ак ниеттикти кара ниеттик жеңген жалган дүйнөдө дагы бир топ жашасаң эмне болмок? Сенин адамзатка адамкерчиликтин нурун чачып, сезимдерди арууланткан, мекенчилдикке үндөп, жашоого шаң тартуулаган ырларыңды дагы бир топ жазсаң эмне болмок? Сенин 50, 60, 70 жылдык юбилейлериңди өткөрсөк, артыңдагы кыздарың менен балдарыңдын жакшыгын, кызматын көрсөк эмне болмок? Бирок сен баардык күйөрмандарыңды таштап кетип, бул дүйнө, жалпы кыргыз эли жетимсиреп калдык. Сен бул жарык дүйнөгө келгин куш сымал учуп келип, артыңдан ырларың аркылуу жан дүйнөңдөгү аруу сезимиңди калтырып кеттиң. Кош, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, Зайырбек иним.

Нургазы Анаркулов, журналист:

“Кош досум, сен ар дайым биздин жүрөгүбүздөсүң!”

- Кечээ эле ак таңдай акыныбыз, төкмө, манасчы Элмирбек Иманалиевди жоготуп алып, көз жашыбыз кургай электе дагы бир суук кабар кабыргабызды кайыштырды. Өмүрүндө ыр жазганды жана маалымат жасаганды гана билген досубуз, акын Зайырбек Ажыматовду шум ажал арабыздан жулуп кете берди. Баскан-турганы жупуну, жашоонун баа-баркын баалай билген, элпектиги чанда жок, адамдардын эң эле жөнөкөйү эле. А бирок, ырлары кимди гана болбосун кайдыгер калтырбай, жүрөктү эзип, мээни жарып салар эле. Зайырбек сөздүн күчүн чындап билген үчүн ырлары да ошончолук күчтүү жаралчу да. “Эмне эле болуп жатат?”- деп тунжураган эле адамдарды көрүп жатам. Мен да билбейм. Эч ким билбейт. Бир билгенибиз – бу ажал дегениң эч кимди аячудай түрү жок. Болбосо, ушу Зайырбектин арабызда жүргөнүнө эмнеге каршы чыкты ал? Адамдардын момуну, эч кимге зыяны жок эмес беле! Дал ошондуктан, досубуз Мирлан Самыйкожо:

Эмне өчүң бар АЖАЛ сага беттешем,

Эртең эмес, азыр келчи кездешем.

Чегиң билбей баратасың сен АЖАЛ,

Чеңгээлиңди, чекитиңди чектешем!- деп түтөп ийди да!

Канчалаган жазылбаган ырларың калды, Зайырбек! Кыргыз эли дагы бир тоосунан ажырады. Жаткан жериң жайлуу болсун! Кош досум, сен ар дайым биздин жүрөгүбүздөсүң!

ДОСКО КАТавтор Зайырбек Ажыматов

Салам дос мен баягы жолдо турам,

Сага бир барсам деген ойдо турам.

Билбеймин кайда экенин башка достор,

Ортого мезгил дубал орнотулган.

Турмушка куурчак болдук ойнотулган,

Көр тирилик кызыгына батып алып,

Билинбей туш тарапка чачырадык.

Дүйнөнү багынткандай басып кеттик,

Болгону бирден сулуу катын алып…

 

Эх досум,

Кандай таза балдар элек…

Сөөлөткө, шөкөттөргө алдана элек.

Достукту ыйык тутуп баарысынан,

Чок сыңар жалын чачып жанган элек.

Чогулуп Манас, обон, жаңы ыр угуп,

Жаштыкты өнөр үчүн сайган элек.

Оо, азыр убакыт жок көрүшкөнгө,

Арманды, кубанычты бөлүшкөнгө,

Жадатты супсак көздөр, сылык сөздөр,

Мен бүгүн сага атайын барайынчы,

Ыр окуп анан досчо сөгүшкөнгө…

 

Эх досум,

Өмүр деген аргымакпы,

Шашабыз карап алып алды жакты.

Билемин канча боздоп ыйласак да,

Бизге эч ким кайрып бербейт ал куракты

Эми түк ырдап бербейт баягыдай,

Капилет жоготконбуз Калмуратты.

Обонун уккан сайын ыйлайт жүрөк,

Мени бир оор санаа кыйнап жүрөт,

Барында бапыратып мактай албай,

Калдык биз ошол досту барктай албай.

 

Эх досум,

А мен болсо оңолбодум,

Махабат дартка айланды аякпаган.

Дагы эле өксүгүмдү жоготподум,

Дагы эле баягыдай азаптанам.

Дагы эле жетимсирейм, кусаланам,

Дагы эле ыр жазам деп ушаланам.

Дагы эле кежир анан кырс бойдонмун,

Дагы эле тамаша айтсаң ызаланам.

А баса, коркпо бирок тоорулам деп,

Азыр мен баягыдай ичпей калдым,

Мас болуп милицияга түшпөй калдым….

 

Салам дос,

Мен баягы жолдо турам,

Сага бир барсам деген ойдо турам…