“Фрунзе гипер маркетинин ээси БОЛОТ АМАТОВИЧ, уят болот. Товардын баасын магазиндегидей койбой, дүң баага 1 сомдон эле кошуп бергиле. Пакетинер да 2 сомдон, билебиз. Же жалпыга келген апаат убагында байып кеткиңиз келип жатабы? Буга чейинкиси деле жетер. Болбосо элдин акчасына “Фрунзеден” эмес, түз доставщиктерден алгыла. Бул апаатта баарынын акчасы азаят. Ким байып кетсе, ошол – УУРУ”- деп жазды Ыргал Кадыралиева.

Мындан тышкары, социалдык тармактын колдонуучулары дагы бир кызыкты байкашкан. Сиз деле “Фрунзеден” карантинден бери соода кылсаңыз, байкаган чыгаарсыз: кассада олтурушкан, текчелерге товар тизген кызматкер кыздар баштан-аяк коргоочу костюм, маска, көз айнектер менен жабдылган. Ошол эле учурда гипермаркеттин тазалыгын караган пол жуугуч аялдарда маскасы жок иштеп жатышат. Ушунун өзүнөн эле “Фрунзенин” кожоюндарына биринчи кезекте кызматкерлердин жана элдин ден-соолугу эмес, акча зарыл экендигин байкаса болот. Гипермаркеттеги бул кырдаалды Республикалык штаб ойлоп да койгон жок. Соода кылгандар болсо тийешелүү аралыкты сакташпайт. Башкача айтканда, “Фрунзе” коронавирус үчүн абдан ыңгайлуу шарт түзүп, а кожоюндары көмүскөдө жатып, элдин канын соруп, байып жатышат. Ыргал Кадыралиева туура айтат – гумжардам пакеттерин “Фрунзеден” эмес, башка жактан алышса, канча эконом да болот эле...

Пол жууп жаткан техкызматкерлер менен сүйлөшүп калсак кейишип, “ооба да, биз экинчи сорттогуларбыз, бизге вирус жукпайт да!”- деп безилдешет. Айла жоктон гана иштеп жатышканын айтышат. Бооруң ооруйт...