Элмирбек кетти дүйнөдөн,

Шум ажал бизден айырып,

Тубаса туулган чоң талант,

Канатын алды кайырып.

 

Зор талант өттү дүйнөдөн,

Ичкен суусу тугөнүп.

Жатып калды эл уулу.

Топуракка бөлөнүп.

 

Калын эл жалпы ыйлады,

Өлүмгө уулун кыйбады.

Узатып аны жатканда,

Ырдалды муңдуу ырлары.

 

Кайгынын ыры ырдалды,

Касиеттүү ыр калды.

Сүйүүнүн ыры ырдалды,

Сүйүүсүз жетим ыр калды.

 

Акындык жагын өзгөчө

Таасирленчүбүз өзүңдөн

Көп сырды көрүп турчубуз,

Сүйкүмдүү сенин көзүңдөн.

 

Бир келчү талант учканда,

Вирустан элим качпады.

Жүрөгү сыздап кан өтүп,

Үйүндө чыдап жатпады.

 

Улуу талант учканда,

Элимдин кетти шаштысы.

Кайрылгыс болуп жоголду,

Чоң өнөрдүн ачкычы.

 

Келбетиң сенин керилген,

Жылмайуу кетпей өңүңдөн.

Орошон ойлоп чабыттап,

Керемет сөздөр төгүлгөн.

 

Жоргосу элең элимдин,

Жоокери элең жеримдин.

Жүрөктүн таап кылдарын,

Дабасын билген көңүлдүн.

 

Акындар элдин сыймыгы,

Алысты болжоп мээлеген.

Көйгөйүн айтып элимдин,

Акыйкат сөздү сүйлөгөн.

 

Акындар элдин туусу

Желекти бийик кармаган.

Акындар ойдун ордосу,

Оргуштап чыккан дайрадан.

 

Баарыбызды кубанткан,

Улуу көчтү уланткан..

Устаттар баскан жол менен

Учугун улап бараткан.

 

Элмирбекти көмгөндө,

Ашыкем болду өлгөндөй.

Апкаарып турдук мүрзөдө,

Кайрадан Ашыраалыны көмгөндөй.

 

Элмирбекти көмгөндө,

Эстебес болду өлгөндөй,

Элестетип биз жаттык,

Эл сүйгөн Эстекемди көмгөндөй.

 

Элмирбекти көмгөндө,

Токтосун болду өлгөндөй.

Токтоно албай биз турдук,

Ошол Тыныбековду көмгөндөй.

 

Элмирбекти көмгөндө,

Тууганбай болду өлгөндөй.

Тумчугуп турдук мүрзөдө,

Ошол устатын кайра көмгөндөй.

 

Элмирбек тирүү кезинде,

Көңүлүбүз ток эле.

Ашыкем тирүү жүргөндөй,

Кайгыбыз деле жок эле.

 

Элмирбек төгүп жатканда,

Көңүлүбүз ток эле.

Эстекем ырдап жаткандай,

Кайгыбыз биздин жок эле.

 

Элмирбек ырдап жатканда,

Турчубуз биз да сүйүнүп,

Тууганбай ырдап жаткандай,

Болчу эмес бизде күйүнүч.

 

Табыты орго кирээрде,

Ишенбей турдук өлгөнгө.

Мүрзөдөн арман үн чыгып,

Кыйын болду көмгөнгө.

 

Сөөгүн жерге коердо,

Кыйбай турдук өлгөнгө,

Түпкүрдөн муңдуу үн чыгып.

Батынбай турдук көмгөнгө.

 

Акындарын кыргыздын,

Азыртадан баалайлы!

Алдырып ийип ажалга

Таш кучактап калбайлы.

 

Өнөрлүүлөрүн кыргыздын,

Өзгөчө сүйүп баалайлы!

Өткөрүп ийип жашоодон,

Өкүрүк салып калбайлы?

 

Таланттууларын кыргыздын,

Талыкпастан баалайлы!

Таш боор ажалга алдырып,

Ушинтип, таш кучактап калбайлы!

 

Турсунбек Акун

Р.S. Күйүт коштолгон, элиме багышталган биринчи чыгармам. Эл акыны өлбөгөндө жазылбайт болчу...