Бул тууралуу  бүгүн онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын маалыматы боюнча жаңы учурлар Бишкек, Ош шаарында жана Ош, Чүй, Нарын облустарында катталды. Ошону менен Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 656 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде  20 бейтап айыгып чыкты.

Ал эми, анын ичинен коронавирус жуктуруп алган 10 медицина  кызматкери бар. Ушуну менен коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 172ге жетти. Учурда стационарда – 326 бар, алардын арасында реанимацияда 5 адам жатат. Эскерте кетсек бул илдеттен 8 адам каза тапкан.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 6;

- Ош шаарында 3;

- Ош облусунда 3;

- Чүй облусунда 4;

- Нарын облусунда 9.