Мындай чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттөн кабарлашты. Аталган чечимге ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компанияа, өлкөдө катталган коммерциялык банктар жана кредиттик уюмдар мамлекеттик программанын алкагында берилген насыяларды төлөөнүн шартын карап чыгышы керек.
Анын алкагында:
карызын жоюуда кыйналган ишкерлерге насыны төлөө мөөнөтүн 3 (үч) айдан кем эмес мөөнөткө артка жылдыруу;
насыялык келишимдер шартын кайрадан кароого байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү албоо жана негизги суммага кошуп эсептебөө;
насыяны төлөөнү кечиктирген учурда айыппул же үстөк пайыз эсептебөөнү сунуштап жатат.
Мындан сырткары өкмөт Финансы министрлигине Жогорку Кеңеш менен макулдашып, бюджеттик каражаттарды кайтаруунун шарттарын карап чыгуу тапшырмасы берилди.
Ага ылайык,
*өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалга байланыштуу иши токтоп калган ишканаларга бул учурга туура келген төлөмдөрдү капиталдаштырып, жыл аягына чейин пайызарды эсептебестен жылдыруу.
Мындан сырткары өзгөчө абалдан улам ишкердиги начарлаган ишканаларга төлөмдөрдү алты айга жылдыруу жана атайын финансылык санкцияларды салбоо сунуштары камтылган.
Өкмөт муну менен акыркы кырдаалга байланыштуу кыйынчылык тарткан ишкерлерге, ишканаларга жеңилдик түзүүнү көздөп жатат. Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо”, “Жеткиликтүү турак жай” деген сыяктуу программалардын алкагында жарандарга пайызы төмөн насыялар берилип келген.
Булак: Азыттык