Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 40 миң ПЦР-тест системасы бар.
«ПЦР-тест системалар жетиштүү. Кошумча сатып алуу иштери жүрүп жатат», - деди ал.
20-апрелге карата Кыргызстанда дагы 14 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Муну менен өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 568 адамга жетти.
Булак: Баракелде