Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн, 20-апрелде Кыргызстанда дагы 14 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын маалыматы боюнча жаңы катталган учурлар Бишкек, Чүй, Жалал-Абад, Ош шаарында жана Нарын облустарында катталган. Ошону менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 568 адамга жетти. Ал эми, акыркы сутка ичинде 68 бейтап айыгып, 2 адам каза тапкан.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 4;
- Чүй облусунда 2;
- Ош шаарында 4;
- Жалал-Абад облусунда 3;
- Нарын облусунда 1.