Борбор калаанын комендатурасынан билдиришкендей, 19-апрелде саат 17.05 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына чакыруу келип түшкөн. Анда Матросов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өспүрүм кыз секирип кеткендиги кабарланган.

Жерине Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу дароо чыгып кеткен. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ тез жардам кызматы келгенче кулагандагы алган жарааттарынан улам каза болгон 2006-жылы туулган М.Э.нин сөөгүн аныктаган.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы убакта окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Булак: Элгезит