Бул тууралуу бүгүнкү онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалым берди.
Ошону менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 554 адамга жетти.
Жаңы катталган учурлар:
Ош облусунда 7;
Жалал-Абад облусунда 9;
Бишкек шаарында 9;
Ош шаарында 9;
Чүй облусунда 2;
Нарын облусунда 11 адам, жана Баткен облусунда 1 адам катталган.