Коомдук ишмерлер, эл депутаттарынын некрологдоруна орун берүү менен бирге, Редакциябыздын эмгек жамааты маркумдун өмүрлүк жары – экс-депутат Бөдөш Мамыровага, жакындарына жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз...

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Мамырова Бөдөш Аманбаевнага жолдошу Сакиев Кадырбек Сатыбалдиевичтин мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Сакиев Кадырбек Сатыбалдиевич кесипкɵй, ɵз милдетин чоң жоопкерчилик менен аткарган инсан болчу. Атуулдук ариети бийик, билимдүү интеллигент адам эле. Ушул касиеттери чанда кездешчү адамгерчилик менен айкалышып турчу. Ал бүт өмүрүн илимий иштерге арнап, эл үчүн ак эмгек өтөдү. Кайсыл кызматта иштебесин, кайсыл милдетти аткарбасын, ишине адамдык таза ыйман менен мамиле жасады.

Кадырбек Сакиев Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун директору, геолого-минералогия илимдеринин доктору, Россия табият илимдери академиясынын ардактуу Академиги болчу. Анын 200гө жакын илимий эмгектери, макала жана китеп түрүндө жарыяланган.

Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат. Өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, келечек муунга сабак болот.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Исмаил Исаков, Нурманбет Токтоматов, Ахматбек Келдибеков, Курманбек Осмонов, Камчыбек Ташиев, Бекболот Талгарбеков, Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова, Марат Султанов, Нурлан Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева, Элмурза Сатыбалдиев, Рысбек Мирзаматов, Нариман Түлеев, Марат Кайыпов, Урмат Аманбаева, Камила Талиева, Нурлан Турсункулов, Жаныбек Бекназаров, Иман Кочкорбаев, Кубанычбек Кадыров, Равшан Сабиров, Нурзат Осмонова, Жумабек Салымбеков, Амантур Молдоташов, Керим Сарбашев, Руслан Исаков, Нурлан Максутов, Каныбек Темиров, Алтынбек Жумаев, Медербек Сатыев, Таалайбек Рысалиев, Нургазы Анаркулов.

***

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун директору, геолого-минералогия илимдеринин доктору, Россия табият илимдери академиясынын ардактуу Академиги Сакиев Кадырбек Сатыбалдиевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Сакиев Кадырбек Сатыбалдиевич Серго Орджоникидзе атындагы Россия мамлекеттик геологиялык чалгындоо институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Улутук илимдер Академиясынын геология институтунда жөнөкөй кызматкерден баштап, жетекчилик кызматтарга чейин көтөрүлгөн. Жетекчилик тизгин менен илим изилдөө, уюштуруучулуктун кошо ала жүргөн. Буга ал катышкан Германия, Кытай, Япония, Малайзия, Бразилия, Америка, Норвегия, Италия өңдүү өнүккөн өлкөлөрдө өткөн эл аралык конференция, симпозиум жана башка жыйын, жолугушуулар далил. Ошондой эле 183 илимий эмгектин автору. Анын 147си макала түрүндө бир канча китептерде жарык көргөн.

Кадырбек Сакиевдин эл аралык илимий долбоорлору кыргыз улутунун жүзү катары дагы далай ѳлкѳнү кыдырат. Анын илимдеги жетишкендиктери урпактарга үлгү болот.

Кадырбек Сатыбалдиевич кылымдарды карыткан кыргыз элинин татыктуу уулу, жаратман инсаны болчу десек жаңылышпайбыз. Анын басып өткөн жолу өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, адамдык бийик парасаты, талыкпаган эмгекчилдиги жана жупунулугу баарыбызга сабак болот. Анын жаркын элеси кыргыз элинин, биздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндө адамгерчиликтүү жана мыкты адам катары кала берет.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Асылбек Жээнбеков, Каныбек Бокоев, Улукбек Ормонов, Азамат Арапбаев, Искендер Матраимов, Каныбек Иманалиев, Кожобек Рыспаев, Курманкул Зулушев, Закир Шарапов, Улан Примов, Таалайбек Масабиров, Надир Каримов, Данияр Төлөнов