Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
Бул видеого өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, анын биринчи орун басары Канымет Осмонбеков, кеңешчиси Марслатбек Жолдошбеков, Талас облустук прокуратурасынын жетекчиси Гүлмира Кашкарова, Талас ОИИБдин жетекчиси Алмазбек Жумабеков, Бакай-Ата районунун акими Чолпонбек Төрөкуловдор катышкан.
Видеодо алардын антисептик менен колдорун тазалап, андан ары бири-бирине ыргытып, жалпы кыргыз элин вирустан сактанууга чакырып жатканын көрсө болот.
Булак: Turmush