Бул тууралуу 17-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын жетөө Бишкекте, Ош облусунда төртөө (Ноокат районунда – 3, Өзгөн районунда – 1), Ош шаарында бирөө.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 116 медицина кызматкерине коюлду.
17-апрелге карата бул илдет жалпысынан 489 кыргызстандыкка жукту.
«Азаттык» менен байланышка чыккан дарыгерлер илдетти жумуш ордунан жуктуруп алганын, аларга коргонуу чаралары айтылбаганын билдиришкен.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов оору жуккан дарыгерлер тууралуу сөзү үчүн кечирим сураган.
Илдет жуккандардын арасында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана санитарлар бар экенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.
Булак: Азаттык