Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу спикер Дастан Жумабеков кайра сөзүнөн адашып алганын моюнга алды. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында жазган
Анын айтымында үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Жумабеков депутаттарды 27-апрелден 15-апрелге чейин электоратка өзгөчө абал туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырган.
- Март деп айтам деп апрель деп алган, бул чындык, - деп жазган парламенттин басма сөз катчысы. - Ал калк менен 27-марттан 15-апрелге чейин сүйлөшүү жүргүзүү керектигин айтайын деген.
Булак: vesti.kg