Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата дагы 4371 адам мекенге кайтууну каалап жатат. Алардын ичинен Москва, Екатеринбург жана Новосибирскте 2716 адам.

«Алгачкы чартердик каттамдар Кытайдан келген. Ошондой эле Россиядан, Түркиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан, Египеттен чартердик түз каттамдар аткарылган. Биз бул маселенин үстүндө күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз. Биздин жарандарды алып келүү үчүн чартердик каттамдарды ачуу тууралуу коӊшу мамлекеттер менен туруктуу негизде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди

Булак: Баракелде