“Акыркы күндөрү өтө кызык окуяларга туш жатабыз. Жардам сурагандардын көбү колунда бар адамдар болуп атат. Үйүнө барсак – “келдиңерби, чын эле келет бекен” дешип, “жөн эле жазганбыз” деп актанат. Дагы башка толгон токой шылтоолорду айтышат. Эч нерсе эмес, чыдайбыз, бирок сиздер башка жардамга муктаж элдин акысын жеп жатасыздар! Алардын зар мунуна кантип жооп бересиздер! Жок дегенде ушул кыйын убакта тамашаны, сыноону кое турсак болмок. Мындан ары  ушундайларды видеого жана сүрөткө тартып элге чыгарабыз”- деп Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыкты.

Бүгүнкү күнгө өлкөдө 419 адамдын коронавирус жуктургандыгы тастыкталды. Каза тапкандардын саны 5.

Коронавирустук инфекциянын дүйнөдө жана өлкө ичинде жайылышы боюнча оперативдүү маалыматтар биздин телеграм-каналда: https://t.me/sayasatkg