Бишкек, “Саясат.kg”. Өлкөбүздө өткөн суткада 12 медицина кызматкеринде коронавирус  инфекциясы тастыкталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымдады. Ошону менен COVID-19 инфекциясын жуктурган дарыгерлердин жалпы саны 51ге жетти.

Маалыматка таянсак жаӊы катталган  12 медкызматкерлердин ичинен  Бишкек шаарында 8 адам ал эми, Нарын облусунда  бирөө, Ош шаарында үчөө .

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясы менен катталгандардын  жалпы саны 339 адамга жетти.