Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев  онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясын  жуктургандардын жалпы саны 339 адамга жетти.  Ошондой эле жаӊы катталган  41 учурдун ичинен 22 аял киши, 19 эркек киши.

Анын ичинен жаңы катталган бейтаптар:

- Бишкек шаары 12;

- Чүй облусунда 3 ;

- Ош облусунда 18;

- Ош шаарында 6;

- Нарын облусунда 2 .

Ал эми, жалпы катталгандар:

- Жалал-Абад облусунда 89;

- Ош облусунда  98;

- Чүй облусунда  15;

- Баткен облусунда 4;

- Ош шаарында   36;

- Бишкек шаарында  42;

- Нарын облусунда  10;

-Ысык-Көл облусунда  4; 

Катталгандардын  ичинен: 176 –аял киши, 163 – эркек киши.