Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өз сөзүндө премьер-министр Казакстан жана Орусия Өкмөттөрүнүн башчыларына коронавирустук инфекцияга каршы күрөштө көмөк көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Евразиялык экономикалык кеңештин келишимдик-укуктук базасында заманбап чакырыктарга каршы биргелешкен чараларды кабыл алуунун бардык тийиштүү механизмдери киргизилгендигин белгилеп кетүү керек. Бүгүн биз финансы рыногундагы абалдын начарлашына, сырьелук товарларга баалардын кескин түшүүсүнө алып келген экономиканын өнүгүүсү дүйнөдөгү кыйын эпидемиологиялык кырдаалга тушуккан шарттардагы интеграцияны өнүктүрүү маселесин талкуулоодобуз. Болуп жаткан окуялардын фонунда экономикалык активдүүлүктүн кескин төмөндөшүн, ошондой эле экономикалык өсүү темпинин жана өз-ара сооданын кескин кыскарышын байкоодобуз», — деди Абылгазиев.

Түзүлгөн кырдаалда, анын айтымында, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү чек араларын жабууда, бирок жалпыбыз коронавирустук инфекциянын экономикалык түзүмгө келтирилген кесепетин минималдаштыруу боюнча биргелешкен жана ыргактуу ишке киришүүбүз зарыл.

«Жүктөрдүн жана айдоочулардын жүрүүсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кабыл алуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү сунуштайм. Анткени биз көптөгөн өлкөлөрдүн мисалында бул эрежелер дүйнөдөгү эл аралык соодага кандай таасир берип жатканын көрдүк. Логистикалык жол-жоболордон жана товарларды ташуу убактысынан жалпы соода-экономикалык системабыз жана биздин интеграциядагы макроэкономикалык кырдаал көз каранды. Коронавирус инфекциясынын жайылуусунун таасиринен улам орто мөөнөттүү мезгилге болжолду даярдоо жана пандемиянын кесепеттерин жеңүү чараларын иштеп чыгуу зарыл», — деди Өкмөт башчы.

Ал белгилегендей, биринчи кезекте өнүктүрүү институттарынын — Евразия өнүктүрүү банкынын жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ролун бекемдөө кажет. Алар мүчө-мамлекеттерге кризистик кырдаалда гана эмес, кризистен кийинки мезгилде дагы макроэкономикалык абалды калыбына келтирүү үчүн жардам көрсөтүүгө багытталган өз миссияларын аткарууга тийиш.

Булак: Маралфм