Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 39 адамга жетти.

Алардын ичинен:

- Бишкек шаарында 8;

- Чүй облусунда 1;

- Ош облусунда 21;

- Жалал-Абад облусунда 8;

- Баткен облусунда 1 адам.

Кыргызстанда 298 адамдан коронавирус аныкталып, 5 бейтап көз жумду.

Булак: Баракелде