Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 298 кишиге жетти.

"Жаңы катталган 18 учурдун ичинен Бишкек шарында – 6, Чүй облусунун Кемин районунда – 6, Токмок шаарында – 1, Аламүдүн районунда – 1 учур, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда – 2, Жалал-Абад шаарында – 1, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда – 1 адам бар", - деп кошумчалады ал.

Булак: Кабар