ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 10 автоунаа айып короого токтотулган.
Текшерүү иштери 25-марттан тарта коменданттык саат киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда жүрдү.
10-апрелде кармалгандар:
- Бишкек шаары боюнча 37 адам;
- Ош шаары боюнча 2 адам;
- Жалал-Абад шаарында 4 адам;
- Сузак районунда 3 адам;
- Кара Сууда 3 адам;
- Ноокат районунда 1 адам.
Коменданттык саат башталган 25-марттан тарта 10-апрелге чейин жалпы 2242 адам кармалды.
Булак: Баракелде