Бишкек, “Саясат.kg”. Бүгүн, 9-апрелде Кыргызстанда дагы 10 адамдан коронавирус инфекциясын жуктургандар аныкталды, ошондой эле алардын арасынын 2 адам медицина кызматкерлери болуп эсептелинет. Бул тууралуу эртең мененки онлайн брифигинде маалымат берген саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Муну менен Өлкөдө коронавирука чалдыккандардан жалпы саны 280 адамга жетти. Алардын арасында 34 адам медицина кызматкерлери.
Алардан ичинен жаңы катталган бейтаптар:
- Бишкек шаарында 1;
- Ош облусу, Ноокат районунда 1;
- Ош шаары 3;
- Жалал-Абад облусу 5 адам.