Түркияда 360, Дубайда 300 жаран учактарды күтүп жатышат. Бул маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 8-апрелдеги өкмөт үйүндөгү онлайн жыйында айтты.
К.Боронов: «Тышта жүргөн бардык жарандарыбыз боюнча так маалыматтарыбыз бар, элчиликтер катуу иштеп жатышат. Болгон аракеттерди көрүп жатабыз. Ошондуктан азырынча келбей, эпидемиянын курч мезгили өтүп кеткенче карантинде туруп туруу керек. Аэропорттор иштегенче баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам», - деп жарандарга кайрылды.
Булак: Баракелде