- Надира эже, депутат Курманкул Зулушев сунуштаган мыйзам долбоору ар түрдүү кабыл алынып, “мунун артында бийлик турат” деген көз караштар арбын болууда. Коомчулукта Зулушев сунуштаган мыйзам долборунун жардамы менен президент ыйгарым укуктарын жогорулатып албайбы деген чоочулоо да күч...

- Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев сунуштаган мыйзамдын долбоору “референдум жолу менен башкаруунун жолун тандаш керек”- деген мазмунда эмес. Чоочулагыдай, “Конституцияга референдум жолу менен өзгөртүү киргизилсин” деген максатта жазылган эмес. Ошондой эле ал мыйзамда шайлоо менен бирге Конституция өзгөрсүн деген түшүнүк да жок. Тагыраагы, көптөн бери коомчулукта  ача пикир жаратып келе жаткан маселени ачыктоо. Айтайын дегеним, эл кандай жолдогу башкаруу формасын каалаарын же тандай турганын билүү үчүн бир эле суроого добуш берүү менен, өзүнчө бюллетень аркылуу аныктоо. Бул өтө маанилүү. Анткени, бул мезгилге чейин жалпы элден башкаруунун формасы ачык суралган эмес. Бул маселе Курултайларда айтылып, талаптар коюлуп, сунуштары бийлик бутактарына жеткени менен жооп боло элек. Бийлик элдики делгени менен эл кандай башкарууну каалай турганы мыйзамдуу түрдө суралган эмес. Кыскасы, буга чейин Конституция алдын ала даярдалып, добуш берүү таңууланып келген. Бул мыйзам колдоо тапса, биринчи жолу мыйзам түрүндө элдин көз карашын билебиз. Анткени, бүгүнкү күндө реалдуу жашообузга Конституциядагы мамлекеттин башкаруу формасы дал келбейт.  Конституцияда парламенттик болуп жазылып турганы менен  “парламенттик башкаруу” деп айта албайбыз. Тагыраагы, президенттик башкаруу же президенттик-парламенттик башкаруу сыяктуу. Парламент реалдуу жашоодо, Конституциялык укугунан пайдалана албай жаткандыгы факт. Ошондуктан элибиз президенттик башкарууну каалайбы же парламенттик башкарууну каалайбы - шайлоодогу добуш берген жыйынтыгына жараша  чечилет деген ойдомун. Ошондой эле бул мыйзам менен иш кылсак, эл бийликтин ээси экенин сезет. Башкаруу формасы жөнүндөгү кайчы пикирлерге чекит коёт. Конституцияга толуктоо же өзгөртүү киргизип, Башмыйзамдын элге ылайык келбеген  нормаларын жөнгө салат. Конституциялык мыйзамдар аркылуу бийлик бутактарынын милдеттерин аныктоого, ажыратууга мүмкүндүк түзүп берет деген ойдомун.

- Кыргызстандын Конституцияда жазылган башкаруу менен жашашына эмне тоскоолдук болду?

- Конституцияда жазылган башкаруу менен жашашыбызга парламенттин алсыздыгы, коркоктугу тоскоолдук болду деп ойлойм. Ошон үчүн парламенттик башкаруу дегенибиз менен иш жүзүндө президенттик-парламенттик башкаруу орун алды. Эгерде Конституцияда жазылгандай  парламенттик башкаруу болгондо - бийлик премьер-министрдин колуна өтмөк. Кайсы партия шайлоодо утуп келсе, ошол партиянын лидери премьер-министр болуп шайланмак. Өлкөнүн ички-тышкы саясатын жоопкерчилигин мойнуна алып,  милдеттери, жоопкерчилиги күчөмөк. Бизде  парламенттик башкаруунун талаптары сакталбаган үчүн ушундай башаламандыктар орун алды деп ойлойм.

- Эгер президенттик башкаруу болсо эмне өзгөрөт?

- Эгер президенттик башкаруу болсо, өкмөттүн башына президент келип, премьер-министр деген кызмат жоюлат. Тагыраагы,  бирин бири кайталаган бир аппарат жоголот. Көпчүлүк мамлекеттер сыяктуу президент ички, тышкы саясатка жооп берет, чечим кабыл алат. Ал бул деп убакытты уттуруп отура бербей  4- октябрда боло турган парламенттик шайлоодо, бюллетень аркылуу мамлекетти башкаруу формасын тандап  алсак, өзүнчө каражат да коробойт. Конституциялык реформага да жол ачылат деп ойлойм.

- Айтканыңызга ынаналы, бирок,  парламенттик башкаруу эл тарабынан жактырылса кандай болот?

- Эгерде парламенттик башкарууну элибиз каалай турган болсо, ал үчүн парламенттин курамы күчтүү депутаттардан куралышы керек. Парламент тажрыйбалуу, илимдүү, билимдүү, таза адамдардан куралса, күчтүү өкмөт түзүлөт. Күчтүү парламент президентке көз каранды болбойт. Анда Конституциялык реформага барбай туруп, конституциялык мыйзамдар менен бийлик бутактарынын өз ара милдеттерин иреттеп, алдыга карай жыла берсек болот. Анткени, бүгүнкү парламенттик башкаруунун Конституциянын негизинде жашай албай президенттик-парламенттик башкаруу болуп, мыйзамсыздыктар орун алган учурлар бар. Себеби, парламенттин курамы  алсыз, өз укуктарын, милдеттерин аткарууга дараметтери жетпейт. Кадр маселеси өксүтүп жатат. Эгерде депутаттык корпус, спикер күчтүү болсо, чечкиндүү кадамдарга барып, парламенттик башкарууну иш жүзүнө ашырып коюшса, парламенттик башкаруу өз жемишин бермек.

Парламент алсыз болгон үчүн парламент шайлаган, кураган, дайындаган өкмөттүн курамы да алсыз болду. Кыскасы, мына ушундай кемчиликтерден улам Конституциянын талаптары аткарылбай келет. Тескерисинче, конституциялык мыйзамдардын негизинде бийлик бутактарынын укук, милдеттери өзгөрүп, баш аламандыкты  жараткан  фактылар  орун алды. 4-октябрдагы парламенттик  шайлоодо эл өзү байларды, коррупционер, ууруларды колдобой арты таза илим, билимдүү адамдардан тандап алса, баары ойдогудай болот. Ишибиз алдыга жүрөт.

- Бизде башкаруунун түрүнөн мурун жооптуу кызматтарга ишти жөндөй албагандар тартылганы үчүн мамлекет алдыга жылалбай жаткан жокпу?

- Мамлекет өнүгүү үчүн мамлекеттик башкаруу формасын туура тандоо да мааниге ээ. Айтайын дегеним парламенттик башкаруунун аркасы менен коалицияга кирген фракциялар жооптуу кызматтарга адискөй кадрларга басым койбой, өз адамдарын тартты. Мындай ыкманын жыйынтыгы кадр саясатына сокку урду. Ар бир фракция өз адамдарын сунуштай берип, алсыз өкмөт, алсыз команда түзүлдү. Фракциялардын квотасынан шайланган министрлер премьер-министрге же фракция башчысына баш ийерин билбей орто жолдо калды. Темирдей тартиптин жоктугунан жоопкерчилик жоголду. Айрым иштерде мыйзамсыздык орун алып, эч ким, эч нерсеге жооп бербеген жагдай жаралды. Мамлекеттин эмес, өз кызыкчылыгын жогору койгон адамдар жооптуу кызматтарда отурганы үчүн бийлик алсыз болуп, президенттин айтканы айткандай аткарылбаган  учурлар орун алды...

Жыйынтыгында, президент жалгыз болуп, мажүрөө команда ишеничти актабай жатат. Ошондуктан мамлекеттин башкаруу формасы эле  эмес, кадрлардын туура тандалышы да мааниге ээ деп ойлойм.

Чынайым Кутманалиева