Мисалы, кечээ жакында месенжерлер аркылуу бир аялдын видеокайрылуусу таркады. Анда бул аял эч кандай негизи жок эле обсервацияга алынып, ооруканада жатканын айтып, дарыгерлерди күнөөлөгөн. Бул фактылар тууралуу бүгүн брифингде КР Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов да айтты: “ММК өкүлдөрүн тастыкталган жана туура фактыларды гана чагылдырууга чакырат элем. Мисалы, кечээ Нарындын тургунунун мени карабай-дарылабай жатат деген кайрылуусу чыкты, айта кетет элем, анда эч кандай клиникалык белгилер болбосо, биз аны обсервацияда эмнеге кармамак элек? Анын үй-бүлө мүчөлөрү дагы байланышта болгондор. Мындан улам ал жалган маалымат таратып жатат. Экинчиси, президенттин, өкмөттүн, мэриянын аппараттарынын кызматкерлерине тесттер жүргүзүлдү деген маалымат жүрөт. Учурда жалпы 20-30% кызматкерлер гана иштеп жатат, калгандары аралыктан иштөөдө. Экспресс-тесттер тобокелчилик очокторунан, командировкадан келген, чек араларды кесип өткөн адамдарга гана жасалды – биз аларды текшерүүгө милдеттүүбүз. Эгерде экспресс-тесттер тастыкталса, андан кийин ПЧР диагностика жасалат”.

Ачыгын айтыш керек, карантиндик аймакта турган жарандардын ичинде түз жерден ызы-чууга алдырган ушакчылар жетиштүү. Кээ бири карантиндик чараларды негизсиз деп эсептешсе, айрымдар таптакыр чындыкка коошпогон видеолорду таркатууда. Бирок, коронавирус мындай тамашаны түшүнбөйт. Медиктер тарабынан айтылган коргонуу-этияттык нормаларды сактабаган адамдар өздөрүнө гана эмес, өзүнүн айлана-чөйрөсүнө да коркунуч туудурат.

COVID-19 боюнча Республикалык штаб ошондой бир мисал жарыялады. Коронавирустан каза тапкандардын бири - Ош шаарынын тургунуна COVID жубайынын эжесинен жуккан, алар чет өлкөдөн келген. Жубайы өзүн жакшы сезип, анда оорунун белгилери болгон эмес, бирок, эркек киши байланыштан кийин илдетке чалдыгып, көз жумган. Үй-бүлөнүн дагы бир нече мүчөлөрүнөн да коронавирус табылды. Эгерде карантиндик чектөөлөргө кулак салышса, аягы мындай трагедиялуу аяктамак эмес.