Анын айтымында, 1 суткада дагы 69 адамдан коронавирус аныкталды.
Ошондой эле министр бүгүн ооруканада дарыланып жаткан 23 адам (Жалал-Абад облусунда) үйлөрүнө чыгарыла турганын белгиледи. Буга чейин 10 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган болчу.
Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 216 адамга жетти. Анын айтымында, коронавирус аныкталгандардын баары буга чейин эле обсервацияда жаткан.
Жаңы катталган бейтаптар:
- Ноокат — 42;
- Кара-Суу — 3;
- Ош шаары — 2;
- Сузак — 13;
- Бишкек — 5;
- Нарын — 1;
- Каракол — 1;
- Баткен — 1;
- Кемин — 1.
Булак: Баракелде