Бүгүн, 4-апрелде Ош областынын Ноокат аймактык ооруканасында 80 жаштагы бейтапта COVID-19 вирусу тастыкталып, биологиялык өлүм аныкталды.
Бейтап чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтып келген, стационардык обсервацияда клиникалык көрсөткүчтөр боюнча дарыланып жаткан. Бейтап ооруканага жаткырылгандан бери республиканын алдыңкы медициналык адистери менен кеңеш алып, тиешелүү дарылануу жүргүзүлгөн.
Бирок, бейтаптын ЭКГда миокарддын курч инфаркт көрсөткүчү менен абалы чукул өзгөргөн. Жүргүзүлгөн ыкчам терапияга карабастан, бейтап каза болду.