-  Бул киши министр болгону бир окуя эске келди… 2004-жыл болсо керек эле. Немистердин кредитине эмерек жасоочу фабрика ачып, Кыргызстанды жалгыз мен оңдоп ийчүдөй болуп, зор энергия менен иштеп жүргөн кезим. Эл аралык бир кайрымдуулук Фонду жетим балдарга Чолпон-Атада салган SOS-кыштакчага жатактарын (кровать) жасаганга заказ түшкөн. Бизде ал кезде матрац жасаган фирма жок эле. Матрацты Россиядан заказ бергем. Матрац вагон менен келди. Аларды тез түшүрүп алдык, таможня “на хранение” деп кампаны пломбулап салды. Бажы кагаздарын тез эле бүттүк. Бирок, “матрацтардын радиациясын текшериш керек”- дешти. Аны шаардык санэпидстанция жасайт экен. Фрунзе көчөсүндө жайгашкан станцияга келсем, бир эле аппараты бар экен, анысы бир күнү Кара-Балтага, бир күнү Кантка кетип бошобойт. Бир күнү эрте барып радиацияны текшерген орус кемпирди кармадым. “Барбайм,- дейт,- анткени матрацтарды вагон менен бирге текшериш керек”. Начальнигине чыктым, “Биз вагон менен бирге текшеребиз, ошол вагонду Россиядан алып кел”- деди. Шок болдум. Россия берген жалпы сертификатты, санитардык-гигиеналык сертификатты карап да койгон жок. Айлам кетти, Россиядан ал вагонду кантип табам да, кантип алып келем? Эртеси дагы кирдим. Аны айттым, муну айттым, таптакыр болбой койду. Жиним келип, галстугунан алып муунтуп кирдим. “Милиция чакырам!”- дейт. “Милиция келгиче өлөсүң”- деп дагы катуу муунттум. Бирок мага да жан керек да, кое берип качып жөнөдүм. Эмне кылыш керек? Айлам кетти. Министир Касиевди таанычу элем, ага барсам жок экен. Замына кирдим, Гулжигит Алиев деген болпойгон сылык адам экен. Айтканымды укту да, Абдикаримовго телефон чалды, көпкө көндүрдү. Бирок ал киши “вагонду алып келсин” деп таптакыр болбой койду. “Эртең келиңиз, бүгүн кечинде өзүнүн бир иши менен мага келет, ошондо жакшылап сүйлөшөйүн”- деди. Эртеси келдим. “Барыңыз да кечирим сурап коюңуз, араң макул кылдым”- деди. Айла жок, бардым шалпайып, кечирим сурадым, “иттик менден кетти” дедим. Башын көтөрбөй радиацияны текшергенге уруксатка кол коюп берди. Орус кемпирди салып алып кампадагы матрацтарды текшердик. Баары таптаза чыкты.

… 2010-жылы мен депутат болуп калдым. Бир күнү кабинетиме бир киши келип калып кечирим сурады, мен ал кишини тааныган жокмун. “Замминистр Абдикаримовмун, илгери сизге туура эмес мамиле кылган экемин, иттик менден кетиптир”,- деди. Өткөндү эстеп, күлүп бирден кофе ичтик.… Ошентип министр экөөбүз “квиты” болгонбуз...
Бирок эмгиче түшүнбөйм, эмне үчүн товарды вагон менен бирге текшериш керек? Бизге таза товар керек да. Эмне үчүн мамлекет баардык келген вагондордун радиациясын өздөрү эле чегарадан текшербейт? 

Тилекке каршы, азыр да бюрократия менен коррупция азайган жок, ошон үчүн өнүкпөй жатабыз…