Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Министрдин айтымында, жалпысынан 3 апрелге карата лабораториялык тесттен өткөрүш үчүн 17911 адамдан анализ алынган. Алардын ичинен 9730 адамдыкы атайын лабораториялык изилдөөдөн өтүп, 130 адам коронавируска чалдыкканы аныкталган.
8198 адамдан алынган анализдер тест-системалардын тартыштыгынан улам лабораторияда сакталып турат.
Булак: Элгезит