Бул маалыматты 4-апрелдеги эртең мененки онлайн жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги штабдын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Бүгүн, дагы 14 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы саны 144 адамга жеткени белгилүү болду. Жаңы катталган бейтаптардын ичинен бешөө чет жактан келсе, 9 адам өлкө аймагында байланышта болгон.
«Тилекке каршы медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус аныкталгандар бар. Кечээ алардын саны 8 болсо, бүгүн 9 болду», - деди Мамбетов.
Учурда коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен 6 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.
1. Ноокатта 59 жаштагы эркек – оор абалда;
2. Ошто 45 жаштагы эркек – өтө оор абалда, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулду;
3. Ошто 63 жаштагы аял – оор абалда;
4. Ошто 60 жаштагы аял – оор абалда;
5. Жалал-Абадда 33 жаштагы эркек – оор абалдан чыкты;
6. Нарында 60 жаштагы аял – оор абалда.
Булак: Баракелде