Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги штабдын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Алардын ичинен:
Бишкекте 1;
Ош облусунда 5;
Ош шаарында 2;
Жалал-Абад облусунда 6 адам бар.
Кыргызстанда коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 144 адамга жетти. 1 адам каза болуп, 6 адам бул илдеттен айыкты.
Ошондой эле вирус жуктургандардын ичинен 77 аял болсо, 67 бейтап эркек. COVID-19 инфекциясы менен 13 бала катталган. Алардын ичинде 1 жашка чейинки 2 наристе бар. Ал эми 55 жаштан жогору 36 жаран аныкталган.
Булак: Баракелде