Ал Баткен облусунун тургуну экенин республикалык штаб билдирди.
Маалыматтарга караганда, Баткен облустук ооруканасына COVID-19 диагнозу менен жаткырылган аял илдеттен айыгып, бүгүн, 3-апрелде чыгарылды.
«Бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Кайрадан алынган анализи коронавирус жок экенин көрсөткөн», - деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 130 адамга жетип, 1 бейтап каза болду. Ал эми вирустан 6 адам айыкты.
Булак: Баракелде