Бул тууралуу спортчу кыз Инстаграм баракчасы аркылуу кабарлаган.
«Олимпиада оюндары жылып кеткендигине байланыштуу 2020-жылы турмушка чыгам. Ал балбан эмес. Баары мени колдойт деген үмүттөмүн. Вируска байланыштуу үлпөт той болбойт», — деп жазган балбан кыз.
Эске сала кетсек, буга чейин Айсулуу Тыныбекова Токио-2020 Олимпиадасына жолдомону жеип алган.
Булак: Элгезит